• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Аламүдүн районунун акиминин орун басары кармалды

30 Жалган куран 2023 16:18 Бишкек Govori.TV

Чүй облустук прокуратурасы тарабынан Аламүдүн районунун акиминин орун басары, жер мунапысы боюнча комиссиянын төрагасы А.Б.Н. Кылмыш-жаза кодексинин 336-беренеси («Коррупция») менен шектүү катары кармалды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын маалымат кызматы кабарлады.

Маалыматка караганда, райондук мамлекеттик администрациянын алдында түзүлгөн жер мунапысы боюнча комиссиясы тарабынан Лебединовка айыл өкмөтүнүн аймагындагы 66,8 га мамлекетке тиешелүү айыл чарба багытындагы сугат айдоо жерлерди, жер мунапысына киргизип, калктуу конуштар категориясына билип туруп мыйзамсыз которушкан.

Бүгүнкү күндө тергөө тарабынан аталган кылмышка тиешеси бар башка кызмат адамдар аныктоо чаралары көрүлүүдө.

Количество просмотров: 4045