• Шейшемби 14 Теке 2026
  • Вторник 14 Июль 2026

Аламүдүн суусунан жаш жигиттин сөөгү табылды

4 Баш оона 202210:56 Бишкек Govori.TV

Аламүдүн суусунан 24 жаштагы жигиттин сөөгү табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Аламүдүн районундагы «Кой-Таш» эс алуу борборунда 1998-жылы туулган М.А. аттуу жигит Аламүдүн суусуна агып кеткен.

Жерине 4 куткаруучу тартылып, жигиттин сөөгүн суудан чыгарып милиция кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

Количество просмотров: 263