Чүй облусунун Аламүдүн районунда турак үйдө газ түтүгү жарылып, өспүрүм каза болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, окуя бүгүн, 11-февралда ГЭС-2 айылынын Гагарин көчөсүндө жайгашкан турак үйдө болгон. Кырсыктын кесепетинен 2007-ж.т. Д.Ж. эркек бала каза болуп, 2007 — ж.т. Ш.Х. аттуу эркек бала жабыркаган.
«Кырсык катталган жерге саат 15:00дө 5 куткаруучу, саат 15:05те штаб жана газ кызматынан 1 бригада тартылган. Куткаруучулар каза болгон жарандын жансыз денесин милиция кызматкерлерине өткөрүп беришти. Ал эми жабыркаган жаран ооруканага жеткирилди, абалы канааттандырарлык», — деп айтылат маалыматта.