• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Аламүдүндө кишини өлтүрө сүзүп кетти делген айдоочу кармалды

8 Үчтүн айы 2020 17:16 Бишкек Govori.TV

Чүй облусуна караштуу Аламүдүн районунда кишини өлтүрө сүзүп кеткен шектүүнү кармашты. Бул тууралуу ОИИББдан маалымдашты.

Билдирүүгө ылайык, 5-январда болжол менен саат 5те Кара-Жыгач айылынан жөө жүргүнчүнү сүзүп кетишкен. Айдоочу изин жашырып качкан. Кесепетинен 27 жаштагы эркек киши каза болду.

Айдоочунун өздүгү такталды, ал аталган айылдын 27 жаштагы С.Р. аттуу тургуну болуп чыкты. Кырсык маалында шектүүнүн мас абалда болгону аныкталды. «Айдоочу кармалып, факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды», — деп айтылат маалыматта.

Количество просмотров: 293