Аламүдүн районунда сууга чөгүп кеткен адамдын сөөгү табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, кечээ, 28-июнь күнү Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Озерное айылында 41-көлмөгө 41 жаштагы К.А. аттуу жаран чөгүп кеткен.
Жерине издөө иш-чараларын жүргүзүү үчүн 4 куткаруучу тартылып, маркумдун сөөгүн суудан чыгарып, милиция кызматкерлерине өткөрүп беришкен.