• Ишенби 11 Бугу 2024
  • Суббота 11 Май 2024

Аламүдүндө тоноого шектүү жаран кармалды

30 Бугу 2022 10:29 Бишкек Govori.TV

Аламүдүн районунда тоноого шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИБдин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматта айтылгандай, үстүбүздөгү жылдын май айында Аламүдүн РИИБге 2003-жылы туулган Н.Г. аттуу жаран кайрылган. Ал өз кайрылуусунда, 2022-жылдын 23-май күнү кечки саат 23:00дөр чамасында, белгисиз адам тарабынан күч колдонуп телефонун тартып алып качып кеткенин айтып, чара көрүү өтүнүчү менен кайрылган.

Аламүдүн РИИБнын кызматкерлери тарабынан көрүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө бул кылмышка шектүү делип 1999-жылы туулган А.А. кармалган.

Аталган факт Кылмыштардын бирдиктүү реестрине, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 206-беренесинин (Тоноо) негизинде катталган.

Учурда ал адам убактылуу кармоочу жайына киргизилип, сотко чейинки териштирүүлөр уланууда.

Количество просмотров: 104