Жогорку сот Бишкек шаарынын мурдагы мэри Албек Ибраимовдунбаш коргоо чарасын карап, биринчи инстанциянын чечимин өзгөрткөн жок. Бул тууралуу жактоочусуСергей Слесаревбилдирди.
Белгилей кетсек, Биринчи Май райондук соту Ибраимовду тергөө аяктаганга чейин УКМКнын тергөө абагында калтыруу чечимин кабыл алган. Анын жактоочулары баш коргоо чарасын өзгөртүп, үй камагына чыгарууну өтүнүп шаардык сотко кайрылган.
Эске салсак, 19-июлда мэр Албек Ибраимов «ТНК Дастан» ишканасындагы жемкорлукка айыпталып камакка алынган. Ага Бишкек шаарындагы муниципиалдык жер тилкелерин мыйзамсыз сатуу боюнча да кылмыш иши козголгон.