• Жекшемби 7 Кулжа 2026
  • Воскресенье 7 Июнь 2026

Алдамчы «АФГАНЧЫЛАР»

29 Үчтүн айы 201912:35 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 29.01.2019. Govori.TV

Алдамчы «афганчылардын» айынан 8 жылда мамлекетке келген зыян 129 миллион 156 миң сомду түзгөн. Бул маалыматтар ведомстволор аралык комиссиянын текшерүүсү учурунда аныкталган.

Жасалма ардагерлердин жалпы саны учурда 73 болсо, 2017-жылы 159, 2018-жылы 229ду түзгөн.

Алдамчы афганчылар негизинен Башкы штабда, УКМКда, Чек ара кызматында, ИИМде, ӨКМде, ЖАМКда жана мамлекеттик салык кызматында катталган.   

Текшерүү учурунда ИИМде 9 адам афган коогалаңынын катышуучусу эмес болуп чыккан, 21 адамдын документи жок . ӨКМде 29 адам афганчы деп катталганы менен 9 нун документи жок. Чек ара кызматында 20 адам афганчы деп катталып, бирок  6нун документи жок. Мамлекеттик салык кызматында 14 адам афганчы, 4 нүн документи жок . ЖАМКдагы 22 афганчы болсо 3нүн документи жок, УКМКда 22 афганчы катталса, 11нүн документи жок.

Количество просмотров: 38