• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Алдамчылыкка шектелип эки аял кармалды

25 Аяк оона 2020 9:16 Бишкек Govori.TV

Бишкекте алдамчылыкка шектүү эки аялды кармады. Бул тууралуу Свердлов РИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 30-августта Свердлов районун РИИБине А.Э аттуу жаран арыз менен кайрылган. Анда М.Ж. жана Н.А аттуу жарандар Курманжан Датка жана Салиева көчөлөрүнүн кесилишинен тиричилик техникаларын бөлүп сатып алуу шылтоосу менен жалпы суммасы 515 миң сомду түзгөн мүлктү алып, үчүнчү жактарга кайра сатып, из жашырып кетишкени айтылат

«Иликтөө иштеринин натыйжасында, аталган кылмышка шектелип 1977-жылы туулган М.Ж жана 1962-жылы туулган Н.А аттуу жарандар кармалган. Алар Жазык кодексинин 98-беренесине ылайык СИЗО-1ге бир айга камакка алынды», — деп айтылат маалыматта.

Количество просмотров: 330