• Шейшемби 16 Чын куран 2024
  • Вторник 16 Апрель 2024

Алдамчынын курмандыгы болбоо үчүн эмне кылуу керек?

21 Теке 2021 17:52 Бишкек Govori.TV

Ички иштер министрлиги алдамчылардын тузагына түшүп калбоого кеңеш берет.

Алдамчылар жарандарды алдоо үчүн көп учурда уюлдук телефондорду пайдаланышат. Алдамчыларды бир гана акча кызыктырат. Алдамчылардын курмандыгына карылар, ишенчээк адамдар жана өспүрүмдөр дуушар болушат.

Телефондун контагына бардык туугандарыңызды, досторуңузду жана тааныштарыңызды жазыңыз.

Белгисиз адамдардан келген каттарга жооп бербеңиз. Белгисиз номурлардан чалгандардан сак болуңуз. ПИН-код (сыр белги) менен банктык карточканын номурларын талап кылууга эч кимдин укугу жок.

Тарифтердин өзгөрүшү, жүргүзүлүп жаткан акцияларды, лотореяларды тактоо үчүн уюлдук операторго чалып маалымат алыңыздар.

Эгерде сиз күмөн санап жатсаңыз, анда сизге чалган досуңуздун жана тууганыңыздын уюлдук телефонуна чалууга аракет кылыңыз. Эгерде телефону өчүк болсо, анын кесиптештерине, досторуна жана жакындарына маалыматты тактоо үчүн байланышыңыз. Утуп алууларды каттоо бир гана телефон жана интернет аркылуу гана жүргүзүлбөйт. Эгерде сизди акциянын уюштуруучусу кеңсеге документтер менен келүүнү айтпаса, анда бул алдамчылык.

Эгерде сиз кылмыштуу аракеттерден жабыркаган болсоңуз, тез арада милицияга «102» телефонуна чалыңыз.

Количество просмотров: 228