Үкөктөрдөгү добуштарды автоматтык түрдө эсептөөнүн алдын ала жыйынтыгы боюнча, Бишкек шаардык кеңешке 6, Ош шаардык кеңешке 4 партия өтүүдө. Бул тууралуу БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекова билдирди.
Анын айтымында, шаардык кеңешке ат салышкан партиялар 7 пайыздык шайлоо босогосун өтүшү керек.
Учурда Бишкекте 7 пайыздык босогону 6 партия ашып өттү:
— “Эмгек” партиясы — 14%;
— “Ак бата” партиясы — 12,10%;
— “Кыргызстандын элдик-демократиялык партиясы» — 10,52%;
— “Ата-Журт Кыргызстан” партиясы — 9,66%;
— “Ынтымак” партиясы — 8,34%;
— “ Биздин эл” партиясына — 7,78% добуш берилген.
Ошто 4 партия алдыда келе жатат:
— “Ата-Журт Кыргызстан” партиясы — 48,65%;
— “Улуттар биримдиги элдик партиясы” — 17,57%;
— “Ыйман нуру” партиясы — 8,06%
— «Ынтымак» партиясына — 7, 18% добуш берилген.
Эскерте кетсек, Кыргызстанда саат 20:00дө шайлоо аяктаган.