• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Алдын ала жыйынтыктар. Жеңишке жеткен партиялар канча мандатка ээ болушат?

11 Теке 2021 22:27 Бишкек Govori.TV

Добуш берүүнүн алдын ала жыйынтыгы боюнча, Бишкек шаардык кеңешине өткөн партиялар канча мандат алары белгилүү болду.

Азыркы тапта АСУ добуштардын 91,23 пайызын санап бүттү.

Автоматтык эсептөөчү урнанын берген маалыматына ылайык, мандат алты партияга бөлүнөт:

  1. «Эмгек» — 18,35 пайыз (11 мандат);
  2. «Ата-Журт Кыргызстан» — 14,09 пайыз (9 мандат);
  3. «Ишеним» — 12,54 пайыз (8 мандат);
  4. «Ынтымак» — 10,63 пайыз (7 мандат);
  5. «Социал-Демократтар» — 8,17 пайыз (5 мандат);
  6. «Өнүгүү-Прогресс» — 8,01 пайыз (5 мандат).

Ал эми Ош шаардык кеңешине шайлоодо босого чекти 4 партия өтүп, мандаттар төмөнкүчө бөлүштүрүлмөкчү:

  1. «Ата Журт Кыргызстан» — 18 мандат;
  2. «Биздин Кыргызстан» — 15 мандат;
  3. «Улуттар биримдиги» — 7 мандат;
  4. «Бир Бол» — 4 мандат.

А Токмок шаардык кеңешине алдын ала жыйынтык боюнча 5 партия өттү:

  1. «Бирге-Вместе» — 9 мандат;
  2. «Эмгек» — 8 мандат;
  3. «Асыл Мурас-Жаштар» — 5 мандат;
  4. «Патриот Ынтымагы» — 4 мандат;
  5. «Эл биримдиги» — 4 мандат.

Белгилей кетсек, бул алдын ала жыйынтык болуп саналат. Мандаттардын бөлүштүрүлүшү дагы өзгөрүшү мүмкүн.

Количество просмотров: 110