• Ишенби 4 Бугу 2024
  • Суббота 4 Май 2024

Алексей Навальныйдын камалганына бир жыл болду

17 Үчтүн айы 2022 19:00 Бишкек Govori.TV

Туура бир жыл мурун, 17-январда орусиялык оппозиционер Алексей Навальный узак реабилитациядан кийин Германиядан Москвага кайтып келген. Ал Орусия өндүргөн “Новичок” химиялык затына ууланган. Навальный отурган учак Внуково аэропортуна конмок, ал жерде саясатчыны беш миңден ашуун тарапташы күтүп турган, бирок соңку мүнөттөрдө бийлик лайнерди Шереметьево аэропортуна кондурган, ал жерде оппозиционер кармалган.

Ошондон баштап ал эркинен ажыратылды: Навальный алгач камалды, андан соң 2014-жылдагы “Ив Роше» ишине байланыштуу «шарттуу жазанын эрежелерин бузду» деп айыпталып, дээрлик үч жылга кесилди. Навальныйдын камалышы Орусиянын дээрлик бардык шаарларында нааразылык жаратты. Бийлик уруксат бербеген көчө жүрүштөрү жапырт репрессиялар менен аяктады.

Навальный түрмөдө отурганда саясатчынын штабы жана анын Коррупция менен күрөшүү фонду “экстермисттик уюмдар” деп табылды, алардын ондогон мүчөлөрү камалды же Орусиядан чыгып кетүүгө аргасыз болду. Арасында Навальныйдын федаралдык штабынын башчысы Леонид Волков, Коррупция менен күрөшүү фондунун директору Иван Жданов жана фонддун юристи Любовь Соболь бар. Навальныйдын өзүнө дагы бир нече кылмыш иши козголду.

2021-жылы орус бийлиги Навальный менен байланышы бар саясий түзүмдөрдү толугу менен жок кылды. АКШ, Улуу Британия жана ЕБ өлкөлөрү орус оппозициячысынын куугунтукталышына жооп иретинде олуттуу санкциялар жарыяланарын эскертишти. Бирок Навальныйды ууландырууга аракет жасоого катышы бар делген бир нече кишиге жана уюмга гана санкция салынды. The Insider, Bellingcat, CNN жана Der Spiegel басылмаларынын биргелешкен иликтөөлөрүнүн жыйынтыгында Навальныйга кол салууга катышы бар ФСБ кызматкерлеринин ысымдары жана наамдары жарыяланган.

Количество просмотров: 132