Алексей Навальныйдын Орусиядан чыгуусуна тыюу салган чечим жокко чыгарылды
Алексей Навальныйдын Орусиядан чыгуусуна тыюу салган чечим жокко чыгарылды
14 Жетинин айы 2018 9:25 Бишкек Govori.TV
Бишкек.14.11.2018.Govori.TV.
Орусияда Сот аткаруучулардын федералдык кызматы саясатчы Алексей Навальныйдын өлкөдөн чыгуусуна тыюу салган чечимди жокко чыгарды. Бул тууралуу ТАСС агенттиги жазды.
13-ноябрь эртең менен Стасбургдагы Адам укуктары боюнча Европа сотуна бараткан Навальный Москванын Домодедово аэропортунда кармалып, убактылуу паспорту алынган. Анда саясатчыга Сот аткаруучулардын федералдык кызматынын чечиминин негизинде өлкөдөн чыгууга тыюу салынгандыгы тууралуу кагаз көрсөтүлгөн.
Оппозициячы алгач сот аткаруучулардын ага карата эч кандай дооматы жок экенин айткан. Бирок кийинчерээк мекеменин сайтында анын 2 миллион 163 миң рубль өлчөмүндө айыппул төлөшү керектиги жазылганын билдирген.
Бул айыппул «Кировлес» деп аталган экинчи иш боюнча чыгарылган өкүмдө көрсөтүлгөн. Навальный «Кировлес» ишканасынын мүлкүн уурдоо айыбы менен беш жылга шарттуу кесилип, айыппул төлөөгө милдеттендирилген. Саясатчы бул иште саясий боёк бар экенин айтып келет.
Шейшемби кечинде Навальный айыппулду төлөгөндүгүн ырастаган кагазды жарыялады. Анын айтымында, акчаны ага ишкер, «Евросети» түйүнүнүн негиздөөчүсү Евгений Чичваркин карызга берген.