• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Ксения Собчак Путинден Навальныйга кечирим берүүнү суранды

20 Жалган куран 2018 14:46 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 20. 03.2018. Govori.TV
Орусиянын Президетигине талапкер болгон Ксения Собчак шайланган Президент Владимир путин менен жолугушууда 16 саясий туткунга кечирим берүүнү суранды. Бул тууралуу Собчактын штабына шилете берүү менен орус сайттары жазып чыгышты.
Анда белгилүү болгондой, Кремльдеги жолугушуу учурунда Ксения Собчак Президентке 16 адамдын документтерин тапшырып, саясий туткундарга кечирим берүүнү суранганда, Владимир Путин карап көрөөрүн убада кылган.
Тизмеге келсек, 2017-жылдагы коррупцияга каршы март митингдеринин катышуучулары, полицияга кол салды деп соттолгон Дмитрий Борисов, Станислав Зимовец, Александр Шпаков жана Алексей Политиков, журналисттер Юрий Староверов и Сергей Мохнаткин, кинорежиссер Олег Сенцов, “антифашист” Александр Кольченко, видеоблогер Вадим Тюменцев, оппозициялык активист Сергей Резников, ЮКОС компаниясынын мурдагы коопсуздук бөлүмүнүн башчысы ЮКОС Алексей Пичугин, экстремизмге айыпталган Александр Соколов жана Валерий Парфенов, авиадиспетчер Петр Парпулов, Алексей Навальныйдын агасы Олег, Навальный, Бауман атындагы ММТУнун окутуучусу Иван Лапыгиндер бар.
Эске сала кетсек, Владимир Путиндин ант берүү аземи 7-майда орун алмакчы.
Количество просмотров: 25