• Шаршемби 8 Бугу 2024
  • Среда 8 Май 2024

ММК: Меркель Charité ооруканасында Навальный менен жашыруун жолуккан

28 Аяк оона 2020 15:20 Бишкек Govori.TV

Германиянын канцлери Ангела Меркель орусиялык оппозициялык саясатчы Алексей Навальный менен Берлиндеги Charité ооруканасында жашыруун жолуккан. Бул тууралуу Der Spiegel басылмасы өз булактарына таянып билдирди.

«Канцлердин жеке өзү келип, оппозициялык саясатчыга жолукканы — орус өкмөтү үчүн Берлин бул ишти көз жаздымда калтырбай, чындыкты аныктап чыгат деген белги болушу керек», — деп жазды басылма.

Алексей Навальный азыр Германияда. Ал Charité ооруканасынан өткөн жумада чыккан. Орусиялык оппозиционер 20-август күнү Томск-Москва учагында эсин жоготкон. Алгач Омскидеги ооруканага жеткирилип, кийин жакындарынын талабы менен Берлиндеги клиникага которулган.

2-сентябрда Германия өкмөтүнүн расмий өкүлү Штеффен Зайберт Навальныйдын организминде «Новичок» тобундагы химиялык уулуу заттын издери табылганын билдирген. Канцлер Ангела Меркель Орусиядан бул окуя боюнча түшүндүрмө талап кылган. Франция менен Швециядагы эки көз карандысыз лаборатория Навальный нервди шал кылуучу «Новичок» заты менен ууландырылганын ырасташкан. Москва оппозициялык саясатчыны ууландырууга тиешеси жок экенин билдирип келет.

Алексей Навальный реабилитация курсу аяктаганга чейин Германияда болуп, андан кийин Орусияга кайтып баруу ниетин билдирген.

Количество просмотров: 79