• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Алексей Навальный колонияда каза болду

16 Бирдин айы 2024 17:52 Бишкек Govori.TV

Орусиялык оппозиционер Алексей Навальный Ямало-Ненецк автономиялык округундагы №3 түзөтүү колониясында каза болду. Бул тууралуу Федералдык Жаза аткаруу кызматынын жергиликтүү башкармалыгына таянып маалымат каражаттары жазып чыгышты.

Маалыматка караганда,16-февраль күнү №3 түзөтүү колониясында айыпталуучу Алексей Навальный жөө басып келгенден кийин өзүн жаман сезип, эсин жоготкон. Көрсөтүлгөн жардам оң натыйжа берген эмес.

«Тез жардам дарыгерлери соттолгон адамдын каза болгонун тастыкташты. Учурда өлүмдүн себептери такталууда», — деп айтылат Федералдык Жаза аткаруу кызматынын жергиликтүү башкармалыгынын билдирүүсүндө.

47 жаштагы Навальный камакта 2021-жылдын январь айынан бери отурган. Былтыр августта ал “экстремисттик ишмердүүлүк менен алектенген уюмду негиздөө жана каржылоо” деген кине менен 19 жылга эркинен ажыратылган. Буга чейин “Ив-роше” иши боюнча айыпталып, тогуз жылдык жазасын өтөп жаткан. Навальный өзүнө тагылган айыптарды четке кагып келген. Ал 2021-жылдын башында Орусияга Германиядан дарылануудан кайтып келатканда кармалган. Бир катар укук коргоо уюмдары Навальныйды саясий туткун деп таанышкан.

Количество просмотров: 168