Кой-Таш окуясы боюнча айыпталып жаткан Алга Кылычев өтө оор абалда тергөө абагынан Улуттук госпиталга жаткырылды. Бул тууралуу укук коргоочу Азиза Абдирасулова билдирди.
Кылычев Кой-Таш окуясы боюнча Аламүдүн райондук сотунун чечими менен 10 жылга кесилген.
Жогорку соттун басма сөз кызматы Кылычев Кылмыш-жаза кодексинин 2017-жылкы редакциясындагы “Барымтага алуу” жана “Кылмышка кошо катышуучулардын түрлөрү” беренелери менен айыптуу деп табылганын маалымдаган.