УКМКнын мурдагы төрагасы Орозбек Опумбаев 2-декабрда Бишкектин Биринчи май райондук сотуна Кой-Таш окуясы боюнча күбө катары көрсөтмө берүү үчүн барды.
Опумбаев 2020-жылдагы Октябрь окуясындагы жоопкерчилиги, Кой-Таш окуясы тууралуу журналисттердин суроолоруна жооп берүүдөн баш тартты.
Атайын кызматтын мурдагы жетекчиси 2020-жылы бийлик алмашууга алып келген Октябрь окуясынан бери коомчулукка биринчи жолу чыкты.
Эске салсак, Кыргызстанда 2020-жылдын 4-октябрындагы Жогорку Кеңешке шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгондор 5-октябрда Бишкекте ири нааразылык акциясын өткөрүшкөн. Ал күнкү митингдер түнү менен уланып, 6-октябрга караган түнү нааразылык билдирип чыккандар Жогорку Кеңеш жана президенттик аппарат жайгашкан Ак үйгө кирип барышкан. Ала-Тоо аянтындагы түнкү башаламандыктар учурунда 19 жаштагы Үмүтбек Алтынбек уулу каза болгон.