Алга Кылычов Кой-Таш окуялары боюнча тергөө менен кызматташуудан баш тартты. Бул тууралуу «Социал-демократтар» партиясы тараткан билдирүүдө айтылат.
Маалыматка караганда, Кылычов тергөө менен кызматташуудан өлкөдөгү коомдук-саясий абалга байланыштуу баш тартты.
«Ал тергөө тарабынан басым жасалганын, коркутуу, мажбурлоо жана кыйноо болгонун билдирди», — деп айтылат малыматта.
Эске салсак, 2019-жылдын октябрь айында мурунку президент Алмазбек Атамбаевдин тарапташы, жарандык активист Алга Кылычов Атамбаевге каршы көрсөтмө бергени кабарланган. Андан кийин ал үй камагына чыгарылган.
Кылычов 7-8-августта Атамбаевди Кой-Таштагы үйүнөн кармоо учурунда башаламандык уюштурган деп айыпталып, камакка алынган. Ал Бишкектеги №1 тергөө абагынан шаардык милициясынын убактылуу кармоочу жайына которулган.