• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Атамбаевге каршы көрсөтмө берди делген Кылычев үй камагына чыкты

25 Тогуздун айы 201919:10 Бишкек Govori.TV

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин тарапкери Алга Кылычев үй камагына чыкты. Бул тууралуу Govori.TVга Бишкектин Биринчи май райондук сотунун маалымат катчысы Асел Равшанбекова билдирди.

Бишкектин Биринчи май райондук сотунун маалымат катчысы билдиргендей, Кылычевдин тергөө менен кызматташуу тууралуу келишими болгон.

Алга Кылычевдин жактоочулары 22-октябрда сотко өтүнүч келтирген. Сот аны канааттандырды,-деди Асел Равшанбекова.

 Эске салсак, Кылычев 7-8-августта Атамбаевди Кой-Таштагы үйүнөн кармоо маалында башаламандык уюштурган деп айыпталып, камакка алынган. Ал алгач Бишкектеги №1 тергөө абагында кармалып, кийин Бишкек милициясынын убактылуу тергөө жайына которулганы кабарланган.

Количество просмотров: 136