• Бейшемби 18 Чын куран 2024
  • Четверг 18 Апрель 2024

Алга Кылычевдин октон жаракат алганы айтылды. Окуянын чоо-жайы

7 Баш оона 2021 22:48 Бишкек Govori.TV

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин тарапкери Алга Кылычев атылган октон жаракат алганы айтылды. Мушташ учурундагы видео «АКИpress-Сводкага» жарыяланды.

Алдын ала маалыматка караганда, ал Бишкек шаардык кеңешинин депутатынын бири менен урушуп кеткен.

Ал эми Ленин РИИБдин басма сөз кызматы билдиргендей, бүгүн, 7-августта эртең менен болжол менен саат жетиде тез жардам кызматынын дарыгерлери милицияга Ак-Өргө конушунун жашоочусу К.А.нын бутуна ок атылганын билдиришкен.

Окуя болгон жерге ыкчам тергөө тобу барган. Бирок алар баргыча К.А. Бишкек шаардык травматология жана ортопедия илимий-изилдөө борборуна жеткирилген.

«Үйдө К.А.нын жубайы бар болгон. Анын айтымында, күйөөсү телефондон Т.Т. менен урушуп кеткен. Ал К.А.нын үйүнө келип, телефон аркылуу эшикке чыгууну суранган. К.А. эшикке чыгып бара жатканда артынан аялы да жөнөгөн. Бирок ал аялынан үйдө калууну өтүнгөн. Болжол менен 10 мүнөттөн кийин жубайы атылган октун үнүн угуп, көчөгө чуркап чыккан. Ал жактан жарадар жолдошун жана унаасына отуруп, белгисиз тарапка айдап кеткен Т.Тны көргөн. Андан кийин тез жардам чакырган»,-деп айтылат маалыматта.

Аталган факт КЖБРга Жазык кодексинин 266-беренеси (Ээнбаштык) менен катталды.Тергөө уланып жатат.

Количество просмотров: 1586