21-июнда Чүйдүн Аламүдүн райондук соту КСДП партиясынын саясий кеңешинин мүчөсү, Кой-Таш окуясы боюнча кылмышка шек саналып жаткан Алга Кылычевди 10 жылга абакка кесип, сот залынан камакка алды. Бул тууралуу «Азаттык» жазды.
Кылычев комментарий берип, беш жыл мурун болгон окуя боюнча кесилип жатканын айтты.
«Мени Кой-Таш окуясы боюнча күнөөлүү деп таап, Шанкаев деген судья он жылга эркиндигимен ажыратты. Сотто көрсөтмө берген «Альфа» атайын кызматынын кызматкерлери да, милиция кызматкерлери да мени көрбөгөнүн, тааныбасын айтышкан болчу. Бирок судья мунун бирин да эске албай, мени 10 жылга кести. Мен билип турам, бул саясий чечим», — деди Кылычев.
Аламүдүн райондук соту азырынча өкүм тууралуу маалымат бере элек.
Эскк салсак, активист Алга Кылычев 2019-жылдагы Кой-Таш окуясына байланыштуу кармалып, алты айга чукул Бишкектеги №1 тергөө абагында отурган. Кой-Таш окуясына байланыштуу козголгон кылмыш иши 2022-жылдан бери сотто каралып келген.
Кыргызстанды 2011-2017-жылдары башкарган Алмазбек Атамбаев 2019-жылы «Батукаев иши» боюнча Кой-Таштагы үйүндө кармалып, камакка алынган. Аны колго түшүрүү операциясында бир офицер каза болуп, 175 адам жаракат алган. Окуя боюнча кылмыш иштери козголуп мурунку президент Алмазбек Атамбаев баш болгон бир нече тарапташтарына айып тагылган.