• Дүйшөмбү 29 Чын куран 2024
  • Понедельник 29 Апрель 2024

Алимбаев акыркы кырдаал жөнүндө маалымат берди

18 Аяк оона 2022 9:52 Бишкек Govori.TV

Президенттин Баткен облусундагы өкүлү Абдикарим Алимбаев кыргыз-тажик чек арасындагы акыркы кырдаал жөнүндө маалымат берди.

Анын айтымында, 17синен 18-сентябрга карата түн тынч өттү.

«Эки облустун ортосунда түзүлгөн иш тобу түн ичинде чек арада жумуш алып барды. Азыркы учурда интернет булактарында ар кандай текшерилбеген маалыматтар таркатылып жатат. Биз тараптар ар бир маалыматка көңүл бурулуп, реакция берилет. Бирок ошол маалыматтарга ишенип өз үйлөрүн таштап, коопсуз жерлерге чыгып кеткендер болууда. Негизги максат атышууга жол бербөө, тынчтыкты сактап калуу», — деди ал.

Облус башчысы эвакуацияланган элге гуманитардык жардамдар жеткирилип, алар менен психологдор иштеп жаткандыгын кошумчалады.

Количество просмотров: 916