• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Алимбаев: Баткенде 453 үй кайра курулса, 165и толук ремонтко муктаж

27 Аяк оона 2022 17:11 Бишкек Govori.TV

Кыргыз-тажик чек арасындагы кагылышууда алдын ала маалымат боюнча, Баткенде 618 үй талкаланган. Бул тууралуу президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев билдирди.

Анын айтымында, учурда атайын түзүлгөн комиссия келтирилген чыгым жана зыянды эсептөөдө.

“Облуста 618 үй талкаланган, анын 453ү кайра курулат. Ал эми 165 үй толук ремонтко муктаж”, — дейт ал.

Алимбаев Баткендеги бардык мектеп директорлоруна эвакуацияланган балдарды эч кандай маселе жок мектепке орнотуу боюнча тапшырма бергенин кошумчалады.

Количество просмотров: 78