• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Абдикарим Алимбаев жаңы кызматка дайындалды

24 Бештин айы 202410:30 Бишкек Govori.TV

Абдикарим Алимбаев КР УКМК төрагасынын биринчи орун басары – КР УКМК Чек ара кызматынын директору болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Президент Садыр Жапаров кол койгон тескемеге ылайык, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 71-беренесинин негизинде Алимбаев Абдикарим Карбекович Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасынын биринчи орун басары – Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматынын директору болуп дайындалды.

Количество просмотров: 203