• Жекшемби 28 Чын куран 2024
  • Воскресенье 28 Апрель 2024

Алимбаев: Чек ара аймактарын толук калыбына келтирип бүттүк

22 Үчтүн айы 2024 14:03 Бишкек Govori.TV

«Баткенди бир эмес, эки жолу калыбына келтирдик”, — деп баса белгиледи президенттин аталган облустагы башчысы Абдикарим Алимбаев Бишкекте өтүп жаткан жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилеринин жыйынында.

Алимбаев Баткен облусунун чек арага чектеш аймагында эки жолу куралдуу кагылышуу болгондугун жыйын катышуучуларынын эсине салды.

«Кагылышуудан чек арага чектеш айылдар, жергиликтүү тургундар бир топ зыянга учурады. Бүгүнкү күндө калыбына келтирүү иштери аягына чыкты. Президент Садыр Жапаровдун Баткен облусунун чек арадагы айылдарын калыбына келтирүү боюнча бир катар жарлыктары, министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун тиешелүү укуктук ченемдик актылары кабыл алынды. Натыйжада жеринде активдүү иш алып барылды», — деп баса белгиледи облус башчысы.

Алимбаев чек арада болуп өткөн куралдуу жаңжалдан улам 821 турак үйлөр жабыркагандыгын айтты. Анын ичинен 417 турак үй өрттөлүп жараксыз абалга келген. Бүгүнкү күндө алар толугу менен калыбына келтирилип, пайдаланууга берилди.

Мындан сырткары, жергиликтүү тургундардын үйлөрүн капиталдык жана кезектеги оңдоп-түзөөдөн өткөрүүгө акчалай кенемтелер төлөнүп берилди.

«Президенттин жарлыгы менен Баткен районунун Капчыгай жана Достук айылдары башкы пландын негизинде курулуп, айылдардагы ички жолдорго асфальт төшөлүп, тротуар, латоктор, декоративдүү бактар, евродубалдар, жарыктандыруу жана көрктөндүрүү иштери аткарылып, айылдагы ар бир үйгө ичүүчү суу кирип, бардык шарттар түзүлгөн», — деди Абдикарим Алимбаев.

Облус жетекчиси ал эми куралдуу жаңжалдан улам 27 социалдык объект жабыркагандыгын айтты: 12 мектеп, 9 бала бакча, 6 ФАП.

«Бүгүнкү күндө аталган социалдык объектилер толугу менен калыбына келтирилип пайдаланууга берилди.

Мамлекет тарабынан чек арага чектеш айылдардын тургундарына ар тараптуу колдоо көрсөтүү максатында типтүү, заманбап, бардык эмеректер, жабдыктар менен камсыз болгон социалдык объектилер пайдаланууга тапшырылды», — деди президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү.

Чек ара окуяларынан улам жүздөгөн жарандар жана ишкерлер чыгымдарга учурады.

Мамлекеттик жана коммерциялык банктар тарабынан тийиштүү чечимдер кабыл алынып, окуяда жабыр тарткан 378 жарандардын 36 млн 400 миң сомдук кредиттери жоюлуп, 230 жарандын 324 млн 300 миң сомдук кредиттерине жеңилдиктер берилди.

Министрлер кабинетинин токтомунун негизинде жалпы 210 ишкерлерге 63 млн сом компенсация төлөнүп берилип, 140 ишкерге 120 млн 600 миң сом жеңилдетилген насыялар берилди.

«Кыргыз-тажик чек арасында орун алган чыр-чатактын кесепетинен каза болгон, жаракат алган жана зыян тарткан мекендештерибизге материалдык жактан колдоолор көрсөтүлдү», — деди ал.

  • каза болгондорго — 1 млн сомдон;
  • оор жаракат алгандарга — 200 миң сомдон;
  • жеңил жаракат алгандарга — 100 миң сомдон;
  • турак үйлөрү өрттөнгөн 425 үй ээлерине — 300 миң сомдон;
  • жабыр тарткан айыл чарба жаныбарларынын жана автотранспорт каражаттарынын жалпы 618 менчик ээлерине — 135 млн 900 миң сом;
  • жалпы 282 млн сомдун тегерегинде акчалай компенсациялар төлөнүп берилди.

Жалпы калыбына келтирүү иштерине 2 млрд 444 млн сом акча каражаты жумшалды.

Количество просмотров: 157