• Дүйшөмбү 29 Чын куран 2024
  • Понедельник 29 Апрель 2024

Алимбаев: Тажик тарап үйлөрдү өрттөп, тоноо менен алек болуп жатат

17 Аяк оона 2022 17:13 Бишкек Govori.TV

 Тажик тарап үйлөрдү өрттөп, тоноо менен алек болууда. Бул тууралуу президенттин Баткен облусундагы өкүлү Абдикарим Алимбаев билдирди.

«Чек арага жакын жайгашкан Борбордук, Арка айылдарына Тажикстандын адамдары келип, үйлөрдү өрттөө, тоноо менен алек болууда. Биз муну тажик өкүлдөрүнө да айтып, катуу талап коюп жатабыз. Учурда ок атууну толук токтотуу, техникалардын чек ара аймагынан алып чыгып кетүү багытында иш алып баруудабыз», — деди Алимбаев.

Ошондой эле облус башчысы жарандарды такталган гана маалыматтарга ишенүүгө чакырган.

«Бүгүн да бир катар айылдарда атышуулар болуп кетти. Интернет булактарында такталбаган, далилденбеген маалыматтар тарап жатат. Ошондуктан баардыгыңыздарды такталган гана маалыматтарга ишенүүгө чакырам», — деди ал.

Количество просмотров: 502