• Жекшемби 19 Бугу 2024
  • Воскресенье 19 Май 2024

Алимбаев селдин кесепеттерин жоюу боюнча тапшырмаларды берди

6 Бугу 2024 9:22 Бишкек Govori.TV

Президенттин Баткен облусундагы өкүлү Абдикарим Алимбаев сел жүргөн аймактарда кырсыктын кесепеттерин жоюу иштерин жеринде жетекчиликке алды. Бул тууралуу өкүлчүлүктөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, учурда тийиштүү кызматтар селдин кесепетин жоюу боюнча ыкчам иш аракеттерди көрүүдө.

Белгилей кетсек, кечээ 5-майда нөшөрлөп жааган жамгырдан улам Баткен облусунун Лейлек районунда жана Сүлүктү шаарында сел жүрдү.

Сел суулары Лейлек районунун Катран, Коргон, Андарак, Көк-Таш, Баул, Самат, Жаркыштак, Мурас айылдарына келген. Табият кырсыгынын кесепетинен 1 дүкөнгө, 7 үйдүн короосуна, 6 жер төлөөгө сел суулары кирип, 5 убактылуу жасалган көпүрөлөрдү агызган. Бир балдар бакчасынын тосмосунун 30 метрдей бөлүгү бузулгуп, 4 бодо мал селге аккан.

«Түнү бою жеринде жарандык коргонуу кызматтары иштеди. Бүгүн саат 07:00го карата сел кирген турак үйлөрдүн жер төлөөлөрү толук тазаланды. Табигат кырсыгынан адам өмүрүнө зыян келген эмес», — деп айтылат маалыматта.

Белгиленгендей, айрым жараксыз болгон унаа жолдорун калыбына келтирүү, каттамды камсыз кылуу иштери уланууда.

Количество просмотров: 55