Депутат Алишер Эрбаев Жогорку Кеңештин Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин жыйынында ички иштер министринин орун басары Эркебек Аширходжаевден Кыргызстанда канча уюшкан кылмыштуу топ бар деп сурады.
«Сот тарабынан таанылган эч ким жок», — деп жооп берди Эркебек Аширходжаев.
Депутат Сүйүнбек Өмүрзаков өз учурунда ички иштер министрлиги уюшкан кылмыштуулук боюнча иштерди сотко жиберип, бирок соттор эч кандай реакция кылбай, уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрүн каттоодон өткөрбөй жатканын белгиледи.
«Мындан улам канчалаган адам өлтүрүү, тоноо фактылары катталды. Бүгүн “Террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү жөнүндө” мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүүнүн мезгили келип жетти. Бул ишти аягына чыгарып, мыйзамды кабыл алышыбыз керек», — деди ал.