“Мыйзамсыз баюу” беренеси менен айыпталган Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Алиярбек Абжалиевге козголгон кылмыш иши кыскартылганы белгилүү болду. Башкы прокурор Курманкул Зулушев иш кандай жагдайда, эмне себептен кыскартылганын кийинчерээк тактап берерин айтты.
Экс-депутат Алиярбек Абжалиевге карата былтыр март айында Жазык кодексинин “Мыйзамсыз баюу” беренеси менен кылмыш иши козголгон.
Ал иш козголгондо өзү чет өлкөдө жүргөн. Кийин Кыргызстанга кайтып келип, VI чакырылыштагы Жогорку Кеңештин жыйындарына катышкан. УКМК тергөөдө Абжалиев мамлекетке 20 миллион сом төлөгөнүн кабарлаган.
Абжалиев экс-президент Сооронбай Жээнбековго кудалык байланышы бар экени маалымдалган.