Жогорку Кеңештин депутаты Алиярбек Абжалиев Кыргызстанга кайтып келди. Бул тууралуу бүгүн, 28-июнда жергиликтүү басылмалар күч органдардагы булактарына таянуу менен жазды.
Алдын ала маалыматка караганда, Абжалиев Кыргызстанга 27-июнда учуп келген. Ал кыргыз-казак чек арасынан өткөн.
Ушул жылы март айында УКМК Абжалиевдин үстүнөн мыйзамсыз баюу беренеси менен кылмыш иши козголгонун билдирген. Тергөөнүн маалыматына караганда, Абжалиев мурдагы президент Жээнбеков менен тууганчылык байланышын пайдаланып, мамлекеттик органдардын ишине кийлигишкен. УКМКнын билдирүүсүнөн кийин Абжалиев ушул жылы январь айында Түркияга учуп кеткени белгилүү болгон.