• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Депутат Алиярбек Абжалиев мамлекетке 20 млн сом которду

28 Кулжа 202112:46 Бишкек Govori.TV

 Жогорку Кеңештин депутаты Алиярбек Абжалиев мамлекеттин эсебине 20 млн сом которду. Бул маалыматты Govori.TVга бүгүн, 28-июнда УКМКнын басма сөз кызматынан тастыкташты.

Ушул жылы март айында УКМК Абжалиевдин үстүнөн мыйзамсыз баюу беренеси менен кылмыш иши козголгонун билдирген. Тергөөнүн маалыматына караганда, Абжалиев мурдагы президент Жээнбеков менен тууганчылык байланышын пайдаланып, мамлекеттик органдардын ишине кийлигишкен. УКМКнын билдирүүсүнөн кийин Абжалиев ушул жылы январь айында Түркияга учуп кеткени белгилүү болгон.

УКМКнын билдирүүсүнөн кийин Абжалиев ушул жылы январь айында Түркияга учуп кеткени белгилүү болгон. Алдын ала маалыматка караганда, Абжалиев Кыргызстанга 27-июнда учуп келгени кабарланды.

Количество просмотров: 206