• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Мыйзамсыз баюуга шектелген депутат Абжалиев кезексиз сессиянын ачылышына келди (видео)

5 Теке 2021 11:35 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 5-июлда Жогорку Кеңештин кезексиз сессиясынын ачылышы өттү. Ага ушул жылдын январь айында Кыргызстандан чыгып кеткени айтылган депутат Алиярбек Абжалиев да катышты.

Ушул жылы март айында УКМК Абжалиевдин үстүнөн мыйзамсыз баюу беренеси менен кылмыш иши козголгонун билдирген. Тергөөнүн маалыматына караганда, Абжалиев мурдагы президент Жээнбеков менен тууганчылык байланышын пайдаланып, мамлекеттик органдардын ишине кийлигишкен жана мамлекетке 50 млн сом зыян келтирген.

УКМКнын билдирүүсүнөн кийин Абжалиев ушул жылы январь айында Түркияга учуп кеткени белгилүү болгон. 27-июнда Абжалиев Кыргызстанга кыргыз-казак мамлекеттик чек арасы аркылуу кайтып келген.

Ал эми 28-июнда Жогорку Кеңештин депутаты Алиярбек Абжалиев УКМКнын эсебине 20 млн сом которгонун УКМКнын басма сөз кызматы билдирген.

Алиярбек Абжалиев мурдагы президент Сооронбай Жээнбековдун кудасы.

Количество просмотров: 1404