УКМК тарабынан Алмамбет Салиев кармалгандыгын Kaktus.media сайты өзүнүн күч түзүмдөрүндөгү булактарына таянуу менен жазды.
Салиев Сооронбай Жээнбеков президент кезде президенттик аппараттын жетекчисинин орун басары болуп иштеген.
Аталган сайттын жазганына караганда, Салиев кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланууга шектелип кармалган.
Бишкектин Биринчи май райондук сотунан Kaktus.mediaга А. Салиевди камакка алуу боюнча тергөөчүнүн өтүнүчү канааттандырылганын билдиришкен. Ал 4-ноябрга чейин камакта болору белгилүү болгон.