• Шаршемби 24 Чын куран 2024
  • Среда 24 Апрель 2024

Алмамбет Шыкмаматов, ЖК депутаты: “Экономикалык коопсуздукту карабай эле, саясатчыларды тыңшап жүрөсүңөр…”

17 Чын куран 2018 14:53 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 17.04.2018. Govori.TV

“Экономикалык коопсуздук деген улуттук коопсуздук менен эле катар турат”. бул сөздү ЖКнын депутаты Алмамбет Шыкмаматов бүгүн ЖКдагы оппозициялык фракциялардын жыйынында Өкмөттүн дарегине жолдоду.

“Бир жыл ичинде салык кызматы кошумча нарк салыгынан 2 миллиард сомду кайтарыптыр. А силер болсо болгону 800 млн. сомго кылмыш ишин козгоп койдуңар. Бул коомчулуктун көзүнө чаң сепкендей эле иш. УКМК эмне менен алектенип отурат. Саясатчыларды тыңшаганды токтотуп, өлкөнүн экономикалык коопсуздугун камсыз кылгыла”,-деди эл өкүлү.

Эске сала кетсек, 2017-жылы экономикалык-каржылык кылмыштарга козголгон иштин саны 1087ни түзүп, анын ичинен болгону 88 иш сотко жеткени өкмөттүн маалыматында айтылат.

 

Количество просмотров: 11