Бишкек. 31.07.2018. Govori.TV
Бишкектеги Шабдан баатыр көчөсүн “7-апрель” деп өзгөртүүгө катышкан өкмөттүн жана мэриянын кызматкерлери жоопко тартылат. Бул тууралуу Бишкектин райондук соту чечим чыгарды.
Анда белгилүү болгондой, Бишкек Шаардык Кеңешинин өкүлү сот судьянын суроолоруна жооп берип, административдик доо арыз кароого жатпашы керектигин билдирген жана көчөнүн атын өзгөртүү болгону сунуш катары айтылганын айткан.
Ошол эле маалда “Биздин укук” фондунун башчысы Калича Умуралиева коомчулук коомдук ишмер Турдакун Усубалиевдин атын Бишкектин көчөлөрүнүн бирине коюу тууралуу сунуш айтканда, шаар бийлиги буга мораторий киргизилгенин айтып, баш тартканын, ошол эле маалда 7-апрель деген атты Шабдан баатыр көчөсүнө берүүгө макул болгонун, бул кош стандартуулук экенин, мыйзамдар бузулганын сотко даттанган.
Эске сала кетсек, көчөнүн атын өзгөртүү «Апрель баатырлары» коомдук уюму тарабынан сунушталып, Бишкек шаар бийлиги аны канааттандырган эле.