• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Алматы—Бишкек жолундагы кырсыкта 4 адам каза болду

29 Бугу 202513:58 Бишкек Govori.TV

28-май күнү кечинде Алматы—Бишкек унаа жолунун Узунагаш айылынын жанындагы тилкесинде жол кырсыгы катталып, анда 4 адам каза болгондугу маалымдалды.

Алдын ала маалымат боюнча, Түркстан облусунан келе жаткан 39 жаштагы айдоочу КАМАЗ жүк ташуучу унаасын башкарып бара жатып, чиркегичти ажыратып алган. Көзөмөлсүз калган чиркегич каршы тилкеге чыгып, «Geely» үлгүсүндөгү жеңил унаага сүзүлгөн, андан соң «Geely» инерция менен «KIA Sportage» унаасына урунган.

Жыйынтыгында окуя болгон жерде 4 адам, анын ичинде «Geely» унаасынын айдоочусу каза болду.

Аталган факт боюнча кылмыш иши козголду.

Количество просмотров: 379