• Шаршемби 24 Чын куран 2024
  • Среда 24 Апрель 2024

Алматы-Бишкек жолундагы кырсыктан 21 киши жабыркады

29 Тогуздун айы 2018 9:04 Бишкек Govori.TV
Бишкек.29.10.2018.Govori.TV.
Жол кырсыгы 28-октябрда Алматы-Бишкек жолунун 23-чакырымында болгон.
«Тengrinews» агенттиги Казакстандын укук коргоо органдарына шилтеме берип билдиргендей, маршруттук автоунаа менен автобус кагылышкан. Автобустун жүргүнчүлөрү оор жаракат алган эмес. Кичи автобустагылар ооруканага жеткирилген жана алардын абалы жакшы экени кабарланды.
Жабыркагандардын арасында кыргызстандыктар барбы-жокпу азырынча белгисиз. Казакстанда жол кырсыгы боюнча кылмыш иши козголду.
Количество просмотров: 17