• Бейшемби 25 Теке 2024
  • Четверг 25 Июль 2024

Алматы облусунда туристтерди ташыган автобус оодарылып кетти

28 Бугу 2024 9:03 Бишкек Govori.TV

27-майда Казакстандын Алматы облусунун Кеген районунда туристтерди ташыган автобус оодарылып кетип, кеминде 25 киши, анын ичинде беш бала жабыркады. Бул тууралуу  жергиликтүү бийлик билдирди.

Алматы облусунун акимчилигинен кабарлашкандай, окуя саат 10:20да Эмгекчи-Казак району менен чектешкен Кеген районунда болгон.

Алдын ала маалыматтарга караганда, Yutong үлгүсүндөгү жүргүнчү ташыган автобустун айдоочусу рулду башкара албай калып, оодарылып кеткен.

Бийликтин маалыматы боюнча, автобуста жалпысынан 37 адам болгон. Алардын арасында Орусиядан келген эки турист бар экенин жергиликтүү агенттиктер жазышууда. Жалаңаш райондук ооруканасына 12 адам өздөрү жардам сурап кайрылган.

Жалпысынан 25 адам ар кандай жаракат алганы айтылды.

«Төрт бейтаптын абалы орто. Калган бейтаптардын абалы канааттандырарлык деп бааланууда», — деп айтылат акимчиликтин билдирүүсүндө.

Азырынча кырсыктын так себеби айтыла элек. Учурда тергөө иштери башталганы кабарланууда.

Количество просмотров: 157