• Шейшемби 16 Чын куран 2024
  • Вторник 16 Апрель 2024

Алматыда президенттик шайлоо күнү 30га жакын киши кармалды

21 Жетинин айы 2022 9:15 Бишкек Govori.TV

Казакстанда жекшемби күнү бир катар оппозициялык топтор мөөнөтүнөн мурда өткөн президенттик шайлоого каршы нааразылыктарын билдиришти.

Журналисттер буга чейин митинг өтөрү айтылган Алматы шаарындагы «Астана» аянтында бери дегенде эле он кишинин кармалганына күбө болушкан.

Oyan, Qazaqstan! кыймылынын бир нече мүчөсү Алматыдагы «Республика» аянтына чогулган. Байкоочулардын маалыматына караганда, полиция 10 активистти кармап кетти. Алардын тизмесин Oyan, Qazaqstan! өзүнүн telegram-каналына жарыялады.

Жекшемби күнү эртең менен Алматы полициясы каттоодон өтпөгөн «Казакстандын демократиялык партиясынын» бир нече активистин кармап кеткен. Алар Абайдын эстелигинин алдына мөөнөтсүз президенттик шайлоону токтотуу талабы жазылган плакаттарды кармап чыгышкан.

«Власти» басылмасынын эсебине ылайык, Алматы шаарынын митинг өтөрү айтылган үч жеринде кармалгандардын жалпы саны түшкү саат экиге карата 30 кишиге жеткен.

Мындан тышкары Астана шаарындагы «Жастар» ордосунда да бери дегенде эле эки киши кармалганы, алардын бири активист Галия Тамабаева экени кабарланды.

Полиция шайлоо күнкү кармоолор боюнча комментарий бере элек.

Буга чейин чет өлкөдө жашап жүргөн оппозициялык саясатчы Мухтар Аблязов жарандарды кезексиз президенттик шайлоого жана инфляциянын өсүшүнө каршы митингдерди өткөрүүгө чакырган. Ал негиздеген «Казакстандын демократиялык тандоосу» кыймылы Казакстанда «экстремисттик» деп табылып, ишмердүүлүгүнө тыюу салынган.

Количество просмотров: 104