• Дүйшөмбү 29 Чын куран 2024
  • Понедельник 29 Апрель 2024

Сардана Трофимова Азия оюндарында коло медаль жеңди

5 Тогуздун айы 2023 10:57 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 5-октябрда Кытайдын Ханчжоу шаарында өтүп жаткан Азия оюндарынын алкагында жеңил атлетика, анын ичинде марафон боюнча жарыштар өттү. Кыздар арасында марафон дициплинасында кыргызстандык Сардана Трофимова коло байгеге ээ болду.

Спортчу 2:28:41 убактысы менен келип, 17 спортчунун арасында 3-орунга ээ болду.

Эскерте кетсек, ушул күндөрү Кытайдын Ханчжоу шаарында 45 өлкөнүн катышуусунда XIX жайкы Азия оюндары өтүп жатат. Оюндарга Кыргызстандан 160 спортчу спорттун 23 түрү боюнча катышууда. 24-сентябрда башталган спорттук иш-чара 8-октябрга чейин уланмакчы.

Количество просмотров: 95