• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Алмазбек Баатырбеков: «Кыргызстан» фракциясы мэрге талапкер чыгарбайт

25 Теке 2018 16:15 Бишкек Govori.TV
Бишкек.25.07.2018.Govori.TV.
«Кыргызстан» фракциясы мэрге талапкер чыгарбайт. Бишкек мэрлигине шаар кеңешиндеги «Кыргызстан» фракциясы Азиз Суракматовду колдоого алат. Бул тууралуу ЖКдагы «Кыргызстан»  фракциясынын лидери Алмазбек Баатырбеков Govori.TV. сайтына билдирди.
Ал Азиз Суракматовдон башка талапкер коалицияда каралбагандыктан фракция депутаттары макул болушканын айтты.
«Коалициялык көпчүлүктүн кеңешүүсүнөн кийин биздин фракция талапкер чыгарбай турган болгон. Көпчүлүк бирдиктүү талапкер катары Суракматовду алып чыгаарын кабарлашты. Биз кийлигише албайбыз»,- деп кошумчалады ал.
Эске сала кетсек, талапкер Азиз Суракматов «Елизавета» курулуш компаниясынын көмүскөдөгү ээси, ЖКнын депутаты Азамат Арапбаевдин ишкер-өнөктөшү. Ал ЖКда жыйынды эң көп калтырган депутат катары таанылган.
Количество просмотров: 33