• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Алмаз Раимбеков, ишкер: «Уланды суудан алып чыккан соң куткаруучулар келишти…»

23 Теке 2018 9:47 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 23.07.2018.Govori.TV
Кечээ, 22-июнда Ысыккөлдөгү “Акун” пансионатында “Азаттык” үналгысынын мыкты журналисти,  журналистик иликтөөлөрү менен таанымал кесиптешибиз Улан Эгизбаев сууга чөгүп каза тапты. Ал болгону 28 жашта эле.

Интернет айдыңында анын өлүмүн кыргыз коомчулугу ар кандай жоромолдоп, көбүнчөсү бул кылычтай курч, шамшардай өткүр, коррупцияга каршы туруктуу позициясы бар жигиттин өлүмү жөн гана кокустук, кырсыктын кесепетинен эмес, аны “атайылап буюртма жол менен өлүмгө жеткиришти” деген тыянакка келишүүдө. Бирок, Govori.TV агенттиги да бул боюнча так маалыматтарды алууга аракеттенди. Натыйжада, Улан өмүр менен өлүмдүн ортосунда турганда анын жанында болгон, сууга чөккөн маркум кесиптешибизди жээкке алып чыгып, аны аман сактап калуунун аракетин көргөн күбө Алмаз Раимбеков менен телефон аркылуу байланыштык…
-Алмаз саламатсызбы, Сиз журналист Улан Эгизбаев сууга чөккөн маалда аны куткаруу аракетин көргөн экенсиз. Окуя тууралуу айтып берсеңиз…

-Биз достор менен Чолпон-Атадагы “Акун” пансионатында эс алып жүргөн элек. Түшкө маал, пристанда сууга секирип жатсак, ары жактан эки жаш бала “Жардам бергиле, тигил жакта бирөө чөгүп жатат” деп кыйкырып калышты. Аны укканда дароо эле сууга секирип, бар күчүм менен сүзүп жөнөдүм. Тилекке каршы, сууга тагынчу көз айнегим да унутта калып кетиптир, балдар көрсөткөн тарапка барып таппайм. Артыман балдар оңго-солго деп кыйкырып жатышты. Ошентип, улам суу астына түшүп жатып, чөккөн жигитти таап алдым. Көтөрүүгө аракет жасап, аңгыча дагы бир досум жардамга жетишти, экөөлөп жээкке көтөрүп чыктык…
-Бул аралыкта  “Акун” пансионатынын куткаруучулары жардамга келишкен жокпу?

-Тилекке каршы, андагы куткаруучулар биз Уланды жээкке алып чыгып, жасалма дем алдыруунун аракетин көрүп, аныбыздан майнап чыкпай жаткан учурда араң келишти. Көрсө, алар түшкү тамактанууга кетишкен экен. Алар деле биз жасаган көнүгүүлөрдү жасап, дем алдырууга аракет кылышты. Бирок, болгон жок. Улан Эгизбаевдин оозунан алгач көбүк аралаш суу чыккансыды, бирок, дем алып кете албай койду. Суу менен кошо жүгөрү калдыктары чыгып, көздөрүндө жан бар сыяктуу эле болчу.  Үмүтүбүздү үзбөй аракетибизди кылдык, тез жардам деле чынында тез келгендей болду. Бирок, алардын жанында  деле жүрөктү ойготуучу аппарат болбойт  турбайбы…

-Эл бул окуяны ар кандай айтып жатышат, Силердин баамыңарда суу астынан кол салуу мүмкүнчүлүгү бар беле?
-Бир нерсени айтуудан мурун, Кудай алдында турганыбызды айтып коюу керек. Улан чындыгында Жээктен анчалык деле алыс эмес экен. Айланада элдер, пристанда биз эч кандай шектүү адамдаргы көрө алган жокпуз.  Болгону, бул кырсык. Себеби, “Акун” пансионатындагы суу жээк тайыз болуп, адамдын боюнчалык тайыздыкта келе жатып эле, бир метрдей төмөн түшүп кеткен чуңкурчулар бар болчу. Биз аны мурунку күнү да байкап, “сүзө албагандар үчүн кооптуу экен, бул жакка эскертүүчү белги коюп коюшса болмок экен…” деп сүйлөшүп койгонбуз. Аттиң, журналист так ошол чуңкурчага туш келип калганы бизди абдан өкүндүрдү… Балким, куткаруучулар ордунда болгондо, биз пристандан жеткенче жээктен чуркашса ылдам жетишмек… Ошондой эле, кооптуу жерлерге белги коюлбаган кайдыгерлик, шалаакылык да түрткү болду. Дагы бир кошумча,  ошол жээктеги адамдардын кайдыгерлиги мени абдан таң калтырды. Уланга жакын эле жерде чоң эле мырзалар турушат, колдору менен бизге команда бергенче, чуркашса эрте жетишмек… Пристандан биздин достор чуркап келгенче жээкке алып чыксак, үйрүлүп түшүп, жардам көрсөтүп, тез жардам чакырып чырылдаган адамдар жок. Кайдыгер гана карап, ары бери басып турушту…

-Сиз мурда Улан менен тааныш белеңиз? 
-Уланды кимдер гана тааныбайт?! Мыкты журналист катары сыртынан таанычумун. Анан ошол «Акундан» эки күн мурун бассейнде келинчеги менен отурганда мен да үй-бүлөөм менен барып, таанышып калганбыз. Журналист досторум бар экенин айтып, андан ары сөз коррупция боюнча уланып, «Коррупционерлерди аягына чейин талкалап бер эми. Сенден башкабыздын алыбыз жетпегени калды» деп тамашалап, келинчеги болуп чогуу пикир алышканбыз. Күлүп-жайнап, экөө абдан ынтымактуу эс алып жатышкан.
-Рахмат, маегиңизге!
Количество просмотров: 17