• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Алмаз Тажибай: Тунгуч президент сүттү иритип жиберген

22 Бугу 2023 12:15 Бишкек Govori.TV

2005-жылдагы «Жоогазын революциясынан» кийин Орусияда башкалкалап жүргөн мурдагы президент Аскар Акаев жана анын жубайы Майрам Акаеванын Бишкекке келиши коомчулукта кызуу талкуу жаратууда.

Исхак Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университеттин айрым студенттери Акаевдин лекция окушуна каршы чыгып, аталган окуу жайдын ректору Мирлан Чыныбаевге кайрылуу жолдошту. Алардын билдирүүсү жарыяланган.

Бул арада Аскар Акаевдин Кыргыз мамлекеттик техникалык университетиндеги лекциясы жокко чыгарылганы белгилүү болду.

Саясат талдоочу Алмаз Тажибай мурдагы президент Аскар Акаевдин өлкөгө келиши боюнча өз пикирин билдирди.

Анын айтымында, мурдагы президентте моралдык жоопкерчилик болушу керек.

«Сот Аскар Акаевге карата актаган чечим чыгарганы менен эл баарын көрүп турат. Моралдык жактан алып караганда, 1995-жылы өлкө демократия жолунан тайып, авторитардык режим күчөгөн. Анда Акаев легендарлуу парламентти таркатып, куугунтуктарды кыла баштаган. Андан тышкары, Аксы трагедиясы болду, ага Акаевдин бийлигинин күнөөсү бар. Өлкөдөгү терс көрүнүштөрдү баштап кеткен Акаев. Тунгуч президент сүттү иритип жиберген. Моралдык жоопкерчилик болуш керек. Студенттерге келип, лекция окуйм дегени туура эмес көрүнүш»,-деди саясат талдоочу.

Количество просмотров: 66