• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Саясат талдоочу Айданбек Акматов ИИМге сурак берип чыкты

12 Баш оона 2020 15:11 Бишкек Govori.TV

Саясат талдоочу Айданбек Акматов Ички иштер министрлигине сурак берип чыкты. Маалыматты ал бүгүн, 12-августта Govori.TVга ырастады.

Маалыматка ылайык, Акматов 11-августта Ички иштер министрлигине «Фейсбуктагы» баракчасына  «Олигархат же үч баштуу ажыдаар» деген посту үчүн ИИМге күбө катары сурак берип чыккан.

Акматов ИИМге суракка чакырылышын саясий көз карашы менен байланыштырды.

«Менин жазган посттум ua.kg деген сайтка жарыяланыптыр. Ошол сайтка чыккан материалдын негизинде сотко чейинки териштирүү жүрүп жаткан экен. Бул менин саясий аракетиме байланыштуу кысым-басым деп эсептейм. Кыргызстанда Конституция боюнча адамдар өз оюн ачык билдирүүгө укуктуу» — деди Акматов

Белгилей кетсек, Айданбек Акматов 22-июнда социалдык тармактагы баракчасына «2010-2015-жылдары олигархтар партия түзүп, мамлекеттик саясатка аралашып, мамлекеттин ресурстарын талап-тоноого активдүү киришкенин» жазган болчу.

Количество просмотров: 201