• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Акматов: Бизде Башкы прокурорду кагаздай эле бүктөп ыргытып койду

10 Кулжа 2022 12:37 Бишкек Govori.TV

Бизде Башкы прокурорду кагаздай эле бүктөп ыргытып койду. Мындай пикирин саясат талдоочу Айданбек Акматов Govori.TVнын «Майдан» дебатында билдирди.

Анын айтымында, бийлик системасында тең салмактуулук сакталбай жатат.

«2005-жылы супер президенттик башкаруу тескери жагдайларга алып келгенин көрүп, парламенттик түзөлү дедик. 2010-жылы аны ишке ашыра баштадык. Парламенттик өлкөгө өттүк дегенибиз менен жасай албадык, жалган система жасап алдык. Кайра артка кайтып, президенттик башкаруу кылдык. Тажрыйбалуу адамдар «ханституция болуп калды», «жоопкерсиз болуп калды», «соттор көз каранды болуп калды» деп айтышты. Бирок ага кулак салбады. Өзүм билемдик жогорку жака чыгып кетип жатат. Бийлик бутактарында балансты сактаганды үйрөнүшүбуз зарыл. Бийликте баланс болбосо каалаганын жасай беришет. Реалдуу тең салмак болуш керек. Башка мамлекеттер ошонун негизинде өнүгүп жатат. Негизи эле тең салмактуулук бар жерде өзүм билемдик тыйылат. Анткени соттон, парламенттен айбыгат. Ал эми бизде прокурорду кагаздай эле бүктөп ыргытып койбодубу»,-деди Акматов.

Количество просмотров: 367