• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Референдум: Эксперттер эмне дейт?

14 Чын куран 2021 14:07 Бишкек Govori.TV

Конституциянын жаңы долбоору боюнча референдумга добуш берген жарандардын жалпы саны 37,08%ды түздү. «Жалпы 3 млн 606 миң 201 тизмеге референдумдун катышуучусу кирген. Алдын ала маалыматтар боюнча жалпысынан референдумдагы добуш берүүгө 1 млн 336 миң 743 жаран катышып, бул референдумдун катышуусунун 37,08ди түздү.

Жаңы Конституцияга «макул» болгондор 1 млн 59 миң 476 киши, же 79,24%, ал эми «каршы» болгондор 182 миң 553 киши же 13,66% добуш берди. Жаңы Башмыйзам кабыл алынса, өлкө президенттик башкарууга өтөт. Мындан улам мыйзамдарга кандай толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизилет? Өлкөнү эмнелер күтөт? Эксперттердин пикирин уктук.

Жогорку Кеңештин экс-спикери Ишенбай Кадырбеков жаңы Башмыйзамдын кабыл алынуусу менен конституциялык мыйзамдар ага жараша өзгөрүүсү керектигин айтат.

Жогорку Кеңештин экс-спикери Ишенбай Кадырбеков

«Референдум болду, Баш мыйзам өзгөрдү. Мындан жашоо-турмуш өзгөрүп кетпейт ошондуктан чочулабаш керек. Бир гана алдыда жүздөгөн мыйзамдарды оңдоо сыяктуу чоң жумуш турат. Азыркы Конституциянын талабына жараша өзгөртүү киргизүү зарыл. Өзгөчө өкмөт, шайлоо, соттор жөнүндө өзгөрүүлөр кабыл алынышы керек. Баш мыйзам жаңы кабыл алынгандан кийин турмуш жакшы болуп кетет дегенден алыс болушубуз керек. Себеби ушундай системада биз отуз жылдан бери жашап келе жатабыз. Акаевдин, Бакиевдин, Атамбаевдин, Жээнбековдун убагында деле бийлик бир адамдын колунда болчу. Парламенттик өлкө деп аталганы менен көмүскөдө президент башкарып келген. Бул нерсе эми так жазылды. Турмушта өзгөрүү болбойт ал эми юридикалык документтерде жогоруда мен айткандай өзгөрүүлөр болот»,-дейт саясатчы.

Ал эми саясат талдоочу Айданбек Акматов Конституция кабыл алганы менен анын легитимдүүлүгү боюнча маселе коомчулукта, оппозицияда күчтүү бойдон кала берет деген пикирде.

Саясат талдоочу Айданбек Акматов

«Референдум өткөндөн кийин президент жеке башкарууга өтөт. Өкмөттү өзү түзүп, жоопкерчиликти мойнуна ала турганын айтып жатат. Деген менен сары улактай болуп, өкмөт башчынын кызматы калып жатат. Ошондуктан айрым бир формалары, мазмуну өзгөргөнү менен түбү ошол бойдон калат. Конституция кабыл алынганы менен анын легитимдүүлүгү боюнча маселе коомчулукта, оппозицияда күчтүү бойдон кала берет. Себеби референдумду, Конституциялык кеңешмени даярдаган Жогорку Кеңештин өзүнүн беш жылдык мөөнөтү бүткөн. Мындай маанилүү маселелерди кабыл алганга моралдык укугу калган эмес. Референдум өттү деп таанылыш үчүн 30% шайлоочу катышуусу абзел. Расмий малыматтар айтылганы менен көп адамдар келбей койду. Бул нерсе бийлик менен элдин ортосундагы ажырымдын, элдин бийликтин чечимдерине ишенбестигин көрсөтүп койду. Конституциянын мазмуну менен майда-чүйдөсүн депутаттар өздөрү деле билбейт. Бирок Баш мыйзам тууралуу элдерге маалымат берилди деп эсептейм»,-деди Акматов.

Саясий серепчи Эмил Жураев Баш мыйзамдын жоопкерчилигин элдин мойнуна илүү популистик алдастоо экенин айтат.

Саясий серепчи Эмил Жураев

«Баш мыйзамдын жаңы долбоору өтө чийки, көйгөйлөрү көп долбоор. Рефрендумда кыргызстандыктар өз тандоосун жасады дегендин өзү көз боёмочулук. Буга чейин деле бийлик эмнени сунуштаса референдумда ошону кабыл алып келишкен. Бул бир гана Кыргызстанда гана тиешелүү эмес, көптөгөн коомдо ушундай көрүнүш. Эл кандай гана сунуш болбосун ошол сунуш тастыкталып, таразаланса бекитип берет. Бирок анын маңызын, маанисин, анын ичиндеги юридикалык көйгөйлөрүн оңдоп чыгуу элдин жоопкерчилиги эмес. Элдин мойнуна Баш мыйзамдын жоопкерчилигин илүү жөн гана популисттик алдастоо»,-деди Жураев.

Анткен менен башка юристтер ушундай Баш мыйзамдын кабыл алынышын туура көрүшөт. Алардын бири Канат Мидин уулу жаңы келген бийликке убакыт берүү керектигин айтат.

Юрист Канат Мидин уулу

«Референдум буга чейин болгон президенттик шайлоонун логикалык уландысы. Буга чейин эл бүгүнкү президентке ишенип добуш берип, башкаруу формасын тандады. Референдумду колдоо ошол ишенимдин экинчи кадамы. Дүйнөлүк практикада шайланган адамга мөөнөт берилет. Албетте, айрым саясатчылар бул кырдаалды оппозициялык көз карашта чагылдырышат. Эгер экономикалык өзгөрүү болсо, элдин жашоо шарты оңолсо, жумуш орундары түзүлсө менимче жүрүп жаткан реформалардын жыйынтыгы ошол»,-деди юрист Канат Мидин уулу.

Белгилей кетсек, Кыргызстан эгемендүүлүктү алгандан бери Конституцияга өзгөртүү киргизүү боюнча 8 жолу референдум өткөрсө, 11-апрелде Конституциянын жаңы долбоору элдик добушка коюлду. Азыркы референдум 2016-жылы түзөтүү киргизилген Конституциянын негизинде өткөрүлдү. Анда Башмыйзамга өзгөртүү киргизүүгө боло турганы, бирок жаңы Башмыйзам кабыл алуу мыйзамсыз экени көрсөтүлгөн.

Количество просмотров: 106