• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Жороев: Матраимовду чындап жоопко тартуу аракети болот

28 Жалган куран 2024 10:45 Бишкек Govori.TV

Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовду чындап жоопко тартуу аракети болот. Мындай пикирин саясат талдоочу Эмил Жороев Govori.TVнын «Майдан» дебатында билдирди.

«Райымбек Матраимов 2021-жылга салыштырмалуу башкача кырдаалда алып келинип, кармалып жатат. Мурда болбогон акчаны төлөп чыгып кеткен. Менимче бул жолу андай болбойт, азыр жагдай башка. Бул шоу, спектакль болушу мүмкүн эмес»,-деди саясат талдоочу.

27-мартта Бишкектин Биринчи Май райондук соту Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовду 26-апрелге чейин камакта калтырды.

Матраимовго учурда Кылмыш-жаза кодексинин 169 («Эркиндигинен мыйзамсыз ажыратуу»), 222инчи («Кылмыштуу жол менен тапкан кирешелерин мыйзамдаштыруу» (адалдоо) беренелери менен айып тагылды.

Атайын кызмат эл аралык издөөдө Райымбек Матраимов жана анын бир туугандары Тилек, Руслан, Исламбек Матраимовдорду 26-мартта Азербайжандын борбору Баку шаарынан Бишкекке алынып келгенин билдирген. Мурдагы бажычынын туугандарынын бөгөт чарасы 27-мартта Ош шаардык сотунда каралды.

Количество просмотров: 109