Бишкек. 21.03.2019. Govori.TV
Кыргызстандын экс-президенти Алмазбек Атамбаев Эл аралык третейский соттун судьясы болду. Бул тууралуу «Дело №…» гезити кабарлады.
Басылма берген маалыматка таянсак, 344 арбитрдин арасында Алмазбек Атамбаев 13 номерде турат.
Атамбаев бир жарым жыл мурда сот болгон. Аны 2017-жылы ноябрь айында Эл аралык третейский соттун конференциясында арбитр болуп берүүгө чакырышкан.
Азырынча Алмазбек Атамбаев бир дагы талашты кароого чакырыла элек.
Судьянын айлыгы каралган эмес, бирок гонорар чектелет.
Булак: Барометр